KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен областык сотунун эмгек жамааты төраганын орун басары С.Т.Мусаевди ардактуу эс алууга узатышты

30 июня 2021

Мусаев Сайдибаказ Темирович 1959-жылдын 9-октябрында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу А.Орозбеков айылында туулган. 1985-жылы Казань шаарындагы В.И.Ульянов-Ленин атындагы мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.


Эмгек жолун 1986-жылы Ош областынын Кызыл-Кыя шаардык сотунда, Ош областык аткаруу комитетинин юстиция башкармалыгында улук сот аткаруучу, адис жана жетектөөчү адис кызматынан баштаган. 1992-жылы Ош облусуна караштуу Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы кызматында эмгектенген. 2002-жылдан баштап Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун төрагасы болуп, 2006-жылдан тартып 2016-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунда төрага болуп иштеген.


2016-2019-жылдары Баткен облустук сотунун төрагасы болсо, 2021-жылдын 12-июнуна чейин төраганын орун басары болуп иштеди. Сайдибаказ Мусаев сот системасында 35 жыл эмгектенди.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен С.Т.Мусаевке I квалификациялык класс ыйгарылган.


С.Мусаев озүнүн эмгек жолунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын түзүлгөнүнө 10 жыл» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан ысымы жазылган кол саат менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун «Ардак грамотасы» жана башка көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.


Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу».


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов.