KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунун судьясы түз эфирде шайлоодогу соттордун ролу жөнүндө маалымат берди

16 ноября 2021

Баткен облустук сотунун судьясы Абдимиталип Абылакимов Баткен  облустук мамлекеттик телерадио компаниясынын түз эфирине катышты.


Уюштурулган түз эфирде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын талкуулоо жана шайлоодогу соттордун ролу тууралуу суроо жооптор болду.


Түз эфирдин жүрүшүндө, судья Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда белгиленген Жарлыгынын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан ишчаралар боюнча, тактап айтканда административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануудан, шайлоонун жүрүшүндөгү үгүттөө чогулуштардан, митингдерден, ошондой эле интернет-басылма аркылуу үгүттөө жүргүзүүдөн алыс болуу тууралуу кызматкерлер арасында чогулуштар өткөрүлүп, эскертүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча маалымдады.


Мындан сырткары шайлоо мыйзамдары тууралуу,шайлоонун жүрүшүндөгү укуктардын бузулгандыгы жөнүндөгү арыздарды кароо жана даттануу тартиби жөнүндө маалымат берилди.