KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунун сот корпусу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине барышты

12 мая 2021

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгын майрамдоонун алдында Баткен облустук жана Баткен райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Ашир Рахматовдон кабар алышты.


Ашыр Рахматов бир кылымдан ашуун жашады жана быйыл ал 101 жылдык жазын белгилеп жатат. Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Рахматов Ашир 1920-жылы Баткен районунун Баткен айылында туулган.


Ардагер Эфан шаарын коргоого жана Сталинграддагы салгылашууга катышып жаракат алгандыктан, аны аскер техникаларын (танктарды) оңдоочу цехке жөнөтүшкөн.


Коштошуп жатып, коноктор ардагерге улуу эрдиги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти, ден-соолук, бакубат жашоо жана узак өмүр каалашып, материалдык жардам  көрсөтүштү.


Ардагер Ашир Рахматов куттуктап  келишкен сот кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирип батасын берди.



 


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замир Ормонов