KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге материалдык жардам көрсөтүү уланууда.

14 декабря 2021

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо, коргоо күнүнө карата жергиликтүү соттор тарабынан, материалдык жардам көрсөтүү улантылып жатат.


2021-жылдын 07-декабрь күнү Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов жана судья Канатбек Салиев, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Сүлүктү-Лейлек райондук баштапкы уюмунун төрагасы Үмүтбектин Марасилов менен жолугушту.


Иш чаранын жүрүшүндө, Эльярбек Абдимиталипов ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар дайым ар тараптуу колдоо көрсөтүү, жалпы коомчулуктун милдети экендигин белгилеп, азиздер жана дүлөйлөр коомуна материалдык жардам көрсөттү.


Жыйындын соңунда, Үмүтбектин Марасилов мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга моралдык жана материалдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, райондук соттун судьялар жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди.