KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Кызыл-Кыя шаары боюнча аксакалдар сотторунун төрагалары менен жолугушуу болуп өттү

02 июня 2021



Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы Акылбек Адимов жана судья Нургазы Дыйканов Кызыл-Кыя шаарынын прокурору Исламбек Жоошбаев, Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылынын  аксакалдар сотунун төрагасы Токторбай Далибаев жана Кызыл-Кыя шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы Төлөнали Матраимов менен жолугушту.







Жолугушуунун жүрүшүндө Төлөнали Матраимов жолугушуунун катышуучуларына айыл өкмөттөрдүн, айыл башчылардын, кварталдык комитеттеринин төрагаларынын жана шаар тургундарынын катышуусунда өткөрүлгөн жыйында талкуу болуп, анда жаш үй-бүлөлөрдүн ажырашуусун азайтуу, ар кандай өспүрүмдөр арасындагы кылмыштарды  алдын алуу маселелери көтөрүлгөндүгү жөнүндө маалымат берди.


Ал эми шаардык соттун төрагасы Акылбек Адимов өз сөзүндө судьялар тарабынан никени ажыратуу жөнүндө кайрылган жарандарга Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Медиация борборуна маалыматтык жолугушууга баруу укугу тушүндүрүлүп жаткандыгын, үй-бүлөнү сактап калуу жана жашы жете элек балдардын келечегин эске алуу максатында, тараптарга жарашууга мөөнөт берилип жаткандыгын  белгилеп өттү.


Иш чаранын соңунда Акылбек Адимов жолугушууга келгендерге ыраазычылыгын билдирип, жергиликтүү бийлик органдары аксакалдар соттору менен тыгыз кызматташып, алардын ишин өркүндөтүшү керектигин, соттор өз убагында ар тараптуу консультативдик жардамдарды көрсөтүүгө дайыма даяр экендигин билдирди.