KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун абалы менен таанышты

14 мая 2021


Бүгүн, 2021-жылдын 13-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Баткенге болгон иш сапардын алкагында  Кадамжай райондук сотунун жаңы имаратында  болду.





Аталган соттун төрагасы Улан Ажиматов учурда сотто эки сот отурум залы, архив бар экендигин, ошондой эле  беш судья эмгектенерин билдирди.


Мындан тышкары дагы бир жаңы сот отурум залын тийиштүү эмеректер менен камсыз кылып берүү өтүнүчү менен төрайымга кайрылды. Нургуль Бакирова бул маселенин чечилиш жолдорун карап чыгарын убада кылды.


Ошондой эле төрайым сотко келген тараптарды алгач медиаторго жөнөтүп, соттошпогонго аракет кылуу керек экендигин судьяларга эскертти.