KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Кызыл-Кыя шаардык сотунун жалпы жамааты менен жолугушту

14 мая 2021


Бүгүн, 2021-жылдын 13-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Баткенге болгон иш сапардын алкагында Кызыл-Кыя шаардык сотунда болду.





Төрайымды аталган соттун төрагасы Акылбек Адимов жалпы жамааты менен тосуп алды.


Кызыл-Кыя шаардык сотунда үч сот отурум залы жана үч судья иштейт.


Нургуль Бакирова алгач жамаатты бүгүнкү Орозо айт майрамы менен куттуктап, иштеринде ийгиликтерди каалады.


Судьялар менен аппарат кызматкерлерин биргеликте, ынтымакта иш алып барып, сотко келген тараптарга туура мамиле кылуу, эмгек тартибин сактоого чакырды.


Аппарат кызматкерлери төрайымга иш сапардын алкагында атайын убактысын бөлүп Кызыл-Кыя шаардык сотуна келгендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.