KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Сот корпусу Россиянын Уляновск облусунда жол кырсыгынан каза болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

01 сентября 2022

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун демилгеси  менен сот  корпусу 454 миң сом чогултуп, Россиянын Уляновск облусунда каза болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөттү.


Жол кырсыгынан каза болгон үй-бүлөлөрдүн арасында томолой жана жарым- жартылай жетим калган балдарга  жардам көрсөтүү чечими кабыл алынып, сегиз үй-бүлө аныкталган.


Бүгүн, 2022-жылдын  30-августунда, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы соттордун төрагалары жана судьялар каза болгон мекендештердин үй-бүлөлөрүнө  материалдык жардамды  тапшырып, көңүл айтып келишти.


Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ жана Майдын айылдарындагы эки үй-бүлөгө Кадамжай райондук сотунун төрагасы Марклен Нармырзаев  тапшырып келди.


Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак району менен Таш-Көмүр шаарындагы  каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө Жалал-Абад  облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу жана Таш-Көмүр шаардык сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Назгул Джунушевалар барып, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун атынан жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, бүтүндөй сот тутуму туугандарынын кайгысын тең бөлүшүп жаткандыгын билдирди.


Мындан тышкары Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Ош шаардык сотунун төрагасы Бакыт Усубалиев, Араван райондук сотунун төрайымы Майракүл Тентиева, Кара-Кулжа райондук сотунун төрагасы Сапарбек Жунусов жана  Кара-Суу райондук сотунун судьясы Аскат Дүйсембиев Ош облусундагы  төрт үй-бүлөгө материалдык жардамды беришти.


Эске сала кетсек, 2022-жылдын 21-августунда Россиянын Уляновск облусунда ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканага жеткирилген.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктардын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаган.