KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова Баткен облусунун судьялары менен жыйналыш өткөрдү

14 мая 2021



Бүгүн, 2021-жылдын 13-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова  Баткен облусунун  жергиликтүү сотторунун судьялары менен  Баткен шаарында  жолугушту.







Төрайым 5-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Конституциянын жаңы редакциясына кол койгондугун, ага ылайык сот тутумунун ишин жөнгө салган бардык мыйзамдар өзгөрүүгө дуушар болорун белгиледи.


Башка жергиликтүү соттор менен бирге эле Баткен облусунун сотторунан тийиштүү мыйзамдарга сунуш-пикирлер Жогорку сотко  келип түшкөндүгүн, учурда жумушчу топ аларды талкуулап жатышкандыгын билдирди.


Референдумда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, бардык кызмат адамдары жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык дайындалганга чейин өз ыйгарым укуктарын аткарууну улантат деп көрсөтүлгөн.


Демек, бардык облустардын, район  менен  шаарлардын төрагалары  жана орун басарлары жаңы Баш мыйзамга ылайык дайындалышы тийиш. Конституциянын 95-беренесинин 8-пунктуна ылайык,  жергиликтүү соттордун төрагалары жана орун басарлары Жогорку соттун төрагасы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.


Нургуль Бакирова төрагаларды кайра дайындоодо сөзсүз түрдө соттук иштердин сапаты эске алынарын белгиледи. Ошондуктан иштердин сапатын жакшыртууга  судьялар өзгөчө көңүл  буруш керек экендигин кошумчалады.


Ошондой эле соттордун жүктөмү, судьялардын эмгек тартибин сактоо маселеси талкууланды.


Төрайым сотторду  жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте иш алып барып, калктын укуктук жактан сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш аракеттерди көрүү керек экендигин айтты.


Жогорку соттун төрайымы жергиликтүү соттордун бир катар суроолоруна жооп берип, сот адилеттигин жүзөгө ашырууга, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга бардык аракеттер көрүлөөрүн кошумчалады.


Мындан тышкары төрайым Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан уюштурулган “Жашыл сот” сынагынын Баткен облусу боюнча жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Эске сала кетсек, пандемияга байланыштуу иш чара видеоконференция байланыш аркылуу өткөрүлүп, республика боюнча  ишембиликке активдүү катышкан соттор аныкталган болчу. Бүгүн төрайым Баткен облусунда  биринчи орунга татыктуу болгон  Сүлүктү шаардык сотуна Жогорку соттун  атайын эстелик белгисин  жана алкыш баракчасын тапшырды. Ал эми экинчи орун  алган Лейлек райондук соту менен  үчүнчү орунга  татыктуу болгон Баткен облусунун Административдик сотуна алкыш баракчаларын ыйгарды.