KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Сот кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

25 мая 2023

Сот кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү



5-март Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Баткен облусундагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча мелдеш Баткен облустук соту тарабынан уюштурулду.



Бул мелдешке облустун аймагындагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринен куралган 10 команда ат салышты.



Баткен облустук сотунун курамы райондук жана обулустук сотунун аппарат кызматкерлеринен куралып, ал эми сот приставдар жана сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Баткен облустук сот департамент башкармалыгынын атынан оюн аянтчасына чыгышты.



Бул иш чаранын башкы максаты болуп күч түзүмдөрү арасында ынтымакты бекемдөө, сот системасынын кызматкерлеринин арасында сергек жашоого үндөө, достук жана спорттук алаканы бекемдөө жана мыкты кичи-футбол командасын аныктоо болуп саналат.



Мелдештин жарым финалына Баткен 2053 аскер бөлүмүнүн, Лейлек 2051 аскер бөлүмүнүн, КР УКМКнын Баткен областындагы башкармалыгынын жана КР ИИМнин АБПнын №3 батальонунун Баткен шаарындагы өзүнчө ротасынын командалары суурулуп чыгышты.



Натыйжада байгелүү үчүнчү орунга Баткен 2053 аскер бөлүмүнүн командасы менен КР ИИМнин АБПнын №3 батальонунун Баткен шаарындагы өзүнчө ротасынын командасы кез келишип, үчүнчү орунду Баткен 2053 аскер бөлүмүнүн командасы ишенимдүү жеңип алышты.



Ал эми, финал пенальтилер сериясынын жыйынтыгы менен аныкталып, анда КР УКМКнын Баткен областындагы башкармалыгынын командасы биринчи орунга ээ болушту.



Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “мыкты дарбазачы”, “мыкты коргоочу”, “мыкты чабуулчу” сыяктуу номинациялар боюнча да татыктуулар аныкталып, акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.