KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Адилеттүү коомду курууда Конституциянын мааниси.

12 февраля 2024

Адилеттүү коомду курууда Конституциянын мааниси.




Адилеттүү коомду түзүүдө Конституция чоң роль ойноорун кээ бирибиз

билсек кээ бирлерибиз такыр билбейбиз. Эмне үчүн адилетүү коомду

курууда дал ушул Конституциянын мааниси өтө чоң? Анда эмесе кеп

башынан болсун.

Коом деген эмне? Коом — биргелешип жашаган адамдардын тобу. Коом өз ара

байланышы бар социалдык топтордон турат. А, адилеттүлүк түшүнүгүнүн

негизи көрүнүшү ар түрдүү маселелерди калыстык менен чечүү болуп

саналат. Башкача айтканда, адилеттүлүүк — адамдардын ортосундагы

мамилелерди чындыктын негизинде жөнгө салууга багытталган эрежелер.

Ал эми Конституция деген эмне? Конституция, баш мыйзам — өлкөнүн

негизги (башкы) мыйзамы, мамлекеттин өзгөчө укуктук документи.

Конституция мамлекеттин жана коомдун түзүлүшүнүн негиздерин, адамдын

жана жарандын укуктук абалынын негиздерин жөнгө салат. Конституция

мамлекет кантип иштеп, бийлик кантип түзүлүп, жарандарынын кандай

укуктары жана милдеттери бар экендигин аныктайт.

Байыркы доордо адам үйүрү, урук, уруу, уруу бирикмелери деген топтор

пайда болгон. Коомдун өнүгүшү менен эл, улут сыяктуу чоң-чоң социалдык

топтор түзүлгөн. Адамдар коомдогу адилеттүүлүк үчүн байыртадан күрөшүп

келген. Коомдогу адилеттүүлүк көп кылымдар бою каада-салттардын

негизинде кармалган. Коомдун өнүгүшү менен каада-салттар менен ченелген

адилетүүлүк Конституцияга же баш мыйзамга өткөрүлүп берилген. Азыркы

мезгилде адилетүү коомду куруу адамзат маселелеринин эң башкыларынан

болуп калды. Дал ушул адилеттүү коомду кантип куруп, адилеттүү коомго

кантип жетебиз?

Конституция адамзат жашоосундагы эң чоң жетишкендик болуп саналат.

Конституция аркылуу бекем, өзүн коргой алган адилетүү коомго жете

алабыз. Эмне үчүн адилеттүүлүктү курууда Конституция?

Биринчиден, « Мамлекеттин Конституциясы жарандарынын конституциясын

бузбоо керек» деп Станислав Ежи Лец айткан. Жогоруда жарандарынын

конституциясы дегени бул коомдогу жазылбаган мыйзамдарга башкача

айтканда, коомдун адилеттүүлүгүнө алып барат. Демек, Конституция

коомдун муктаждыктарын канааттандырып, адилеттүүлүктү биринчиге коюп

жөнгө салынган мыйзам. Экинчиден, Конституциянын туруктуулугу. Баш

мыйзамды башка мыйзамдар сыяктуу оңой эле өзгөртүп, калбыл ала

албайсын. Муну менен мамлекет жарандарына адилеттүүлүккө болгон

туруктуулукту берет. Үчүнчүдөн, Конституция жогорку юридикалык күчкө

ээ, кабыл алуунун жана өзгөртүү киргизүүнүн өзгөчө тартиби менен

мүнөздөлөт. Конституция адатта атайы түзүлгөн Конституциялык

уюмдаштыруу жыйыны тарабынан же түздөн-түз элдик добуш берүү менен

кабыл алынат. Төртүнчүдөн, Конституциянын чындыкка дал келүүсү.

Бардык укуктук актылар, мамлекеттик органдардын иш жүзүндөгү

ишмердиги Конституцияга шайкеш болууга тийиш. Конституцияга шайкеш

келбеген актылар аракеттенбей турган жана укук бузуучу деп каралат.

Кабыл алынган Конституция кантип иштейт? Исхак Раззаковдун «Мен таза

болсом, Сен таза болсоң, Коом да таза болот» деген сөзү менен баштагым

келип турат, себеби Конституцияга таянуу менен биз, мен жана сен, ар

бирибиз таза, калыс болуп, өз укугубузду, милдетибизди билип, аны так

аткарууга тийишпиз. Ар бир индивид Конституцияга таянып өз укугун

коргой билип, милдетин так аткарып, чөйрөсүндөгү адамдардын укугун

урматтай билсе коомдо тазалык орноп, адилетүү коомдо жашай алабыз.

«Конституция — бул мен эч качан баш тартпаган жол көрсөтүүчү” деп Жордж

Вашингтон айткандай ар бир индивид Конституцияны багыт көрсөтүүчү

катары ар дайым туура колдонсо эч качан жаңылбайт. Натыжада адилеттүү

коомдо жашайбыз.

Улуу ойчул Жусуп Баласагын “Чечими адилеттүү, өзү айкөл башчынын калк

алдында жүзү жарык, иши үлгү болуп, буйругун эл аткарат, анын бийлигине

эл ынайт” деп айткан. Муну менен Жусуп Баласагын 1000 жыл мурун

эмнени айткысы келген? Адилеттүү коомду курууда мызамдарды чыгарган,

коомду башкарган бийликтегилердин ролу чоң экендигин айткысы келген.

Учурда да бул сөздөр актуалдуулугун жоготкон жок десем болот. Себеби

бүгүнкү күндө бийликтегилердин Конституцияга болгон салымы чоң,

ошондой эле бийликтегилердин да Конституция менен иш жүргүзүп,

Конституция менен жашап, бийлик менен элдин ортосундагы мамилени

Конституция менен жөнгө салса адилеттүү коомдо жашаганга түрткү

болушат. Демек Баш мыйзамдын коомдогу ордун Жусуп Баласагын өз

заманында аныктап койгон.

Адилеттүү коомду курууда Конституциянын мааниси эбегейсиз экендигине

ынандык. Бирок адилеттүү коом бизге эмне берет, тагыраагы Конституциясы

аркылуу биз эмнеге жетип жатабыз? Конституция аркылуу адилеттүү коомду

куруп жатабыз, адилеттүү коомдо адилеттүү мыйзамдар кабыл алынып, ар

бир жаран мыйзам алдында бирдей жооп берип, мыйзамдар так аткарылат.

Мындай коомдо мамлекет бардык жагынан өнүгүп, жарандарынын

материалдык жана руханий муктаждыктары канааттандырылат. Натыйжада

Конституция менен биз бактылуулукка жетип жатабыз. Адилеттүү коомду

куруш үчүн биз, мен жана сен, кайдыгер карабастан Конституцияны

колдонуу менен өз укугубузду жана милдетибизди так аткарышыбыз абзел.