KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Алмазбек Апышев Баткен облустук сотунун төрагасы болуп дайындалды

09 ноября 2023









Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун 2023-жылдын 23-октябрындагы буйругу менен судья Алмазбек Апышев Баткен облустук сотунун төрагасы болуп дайындалды.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова Баткен облустук сотунун эмгек жамаатына жана Баткен облусунун мекеме- ишканаларынын жетекчилерине  облустук сотко төрага болуп дайындалган Алмазбек Апышевди тааныштырды.


Жыйынга Баткен облусунун прокурору Таалайбек Касымбеков, Кыргыз Республикасынын  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Мамат уулу Чыңгызбек, Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Муратбек Боронов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары  Маруфхан Тулаев, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы  Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев жана облустун, район жана  шаардык соттордун төрагалары катышышты.


Жыйындын жүрүшүндө Нургуль Бакирова облустук соттун жаңы жетекчисинин ишине ийгилик каалап, жеке кесиптик сапаттарына, билимине, тажрыйбасына жана кызматына жоопкерчилик менен мамиле кыларына көңүл бурду.


Ошону менен бирге, сот адилеттигин ишке ашырууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барып, ынтымакта жана биргеликте  сот реформасын ийгиликтүү жүргүзүүгө болгон күч аракетин жумшай тургандыгына ишеним жасады.