KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен областынын Сүлүктү шаардык сотунун судьясы Акылбек Турусбеков жана судьянын жардамчысы Азамат Камбаралиев Сүлүктү шаарынын И.Раззаков атындагы № 7- орто мектебинин окуучулары менен жолугушуу өткөрүштү

24 апреля 2024

Баткен областынын Сүлүктү шаардык сотунун судьясы Акылбек Турусбеков жана судьянын жардамчысы Азамат Камбаралиев Сүлүктү шаарынын И.Раззаков атындагы № 7- орто мектебинин окуучулары менен жолугушуу өткөрүштү



Иш чаранын жүрүшүндө судья мектеп окуучуларына сот тутумунун өнүгүү тарыхы жөнүндөгү темада ачык сабак өткөрүп, анда Кыргыз Республикасынын сот бийлиги жана анын өнүгүү тарыхы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун түзүлүшү, судья деген ким жана кантип судьялык кызматка дайындалуусу, анын сот отурумундагы ролу жана судьянын Абийир кодексинин талаптары жөнүндө айтып берди.



Ошондой эле судьянын жардамчысы тарабынан окуучуларга сот тутумунун өзүнчө бийлик катары түзүлгөндүгүнүн себептери, сот отурумдарынын катышуучулары, алардын орду, сот иштеринин өндүрүштөрү боюнча айырмачылыктары айтылып, жарандардын укуктары бузулганда кайсы органдарга кайрылышы керек экендиги жөнүндө маалымат берилди.



Жолугушуунун соңунда Акылбек Турусбеков балдардын укугун коргогон ченемдик-укуктук негиздер жөнүндө айрым маселелер боюнча, балдарга болгон ата-энелердин милдеттери туурасында токтолушуп, бул багыттагы иштер боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.