KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш өттү

04 сентября 2024

2024-жылдын 13-июлунда Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарында Баткен областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш өттү.


Мелдеш Кызыл-Кыя шаардык соту тарабынан өткөрүлдү. Жалпысынан таймашта областтык соттун, шаардык жана райондук соттордун жана Баткен областтык Сот департамент башкармалыгынын жана сот приставдар кызматынын кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда ат салышты.


Бул иш чаранын башкы максаты жаштарды сергек жашоого үндөө, сот тутумунун кызматкерлеринин арасында, достук жана спорттук алаканы бекемдөө, мыкты футбол командасын аныктоо жана кезектеги турнирди өткөрүү эстафетасын тапшыруу болуп саналат.


Мелдеш жандуу ритмде өтүп, катышуучулар жеңишке жетүүдө биримдигин көрсөтө алышты. Күйөрмандар оюнчуларды активдүү жана эмоционалдуу колдоп жатышты. Оюндардын соңунда жеңүүчү болуп Баткен областынын административдик сотунун кызматкерлеринен түзүлгөн команда жарыяланды.


Иш чаранын аягында Баткен облустук сотунун төрагасы Алмазбек Апышев турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктап, спорттук мелдештин бардык катышуучуларына терең ыраазычылык билдирип, кызматкерлер арасында кичи футбол боюнча оюндар мындан ары да улантыларын билдирди.