KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук соту жогорку окуу жайлары менен кызматташууну күчөтүүдө

29 мая 2023


Баткен мамлекеттик университетинде бүтүрүүчү студенттердин потенциалдуу иш берүүчүлөр менен маалыматтык жолугушуусу болуп өттү.





Иш-чарага шаар аймагында жайгашкан 20дан ашык мекеме-ишканалардын жана жеке компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери жана Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Алмазбек Апышев катышып, сот тутумундагы бош орундар жана ага коюлуучу талаптар тууралуу маалымат беришти.


Алмазбек Апышев иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, анда мындай жолугушуулар өтө маанилүү, анткени алар студенттерге иштин мазмуну жана анын шарттары боюнча, потенциалдуу иш берүүчүлөрдүн сунуштары тууралуу маалымат алууга, ошондой эле келечектеги кесибинин өзгөчөлүктөрү менен түздөн-түз таанышууга жана бүтүрүүчүлөрдү келечекте иш менен камсыз кылууга чоң өбөлгө түзөөрүн белгиледи.


Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин өкүлдөрү иш берүүчүлөр менен жолугушуп, анда иш берүүчүлөрдүн талаптарына жооп берген билим берүү программаларын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.


Жолугушууну университеттин ректору Айдарбек Гиязов жыйынтыктап, бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу Баткен Мамлекеттик университети үчүн абдан маанилуу экендигин белгилеп, ага катышкан конокторго жана студенттерге ыраазычылык билдирди.