KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунда медиаторлор менен маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү

06 июля 2023

Баткен облустук сотунун төрагасы Жыргалбек Жамангулов, төраганын орун басары Алмазбек Апышевдин демилгеси менен жарандардын талаш тартыштарын сотко чейинки же сот  отуруму учурунда  чечүү боюнча медиаторлор менен маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү.


Жолугушууда медиаторлордун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берилип, анда  калктын медиация  кызматынын артыкчылыктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана жарандарга  жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаралып жаткан көйгөйлүү маселелер ортого салынды.


Маалыматтык жолугушуунун соңунда медиаторлор жолугушуунун уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришип, мындан ары аталган маселелер боюнча чогуу иш чараларды өткөрүүнү макулдашышты.