KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунда сот аткаруучулардын иши талкууланды

23 августа 2022

Баткен облустук  сотунун төрагасы Жыргалбек Жамангулов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.


Жыйынга облустук соттун төрагасынын орун басарлары Нургазы Алимкулов жана  Бакыт Ибраимов, Баткен облустук Сот департамент башкармалыгынын башчысы Кубатбек Маликов, башкармалыктын бөлүм башчысы Улукбек Назаров жана башкы адис Топчугул Кошбаева катышты.


Жолугушууда облустун САКБнүн аткарган иштеринин негизги көрсөткүчтөрү жана натыйжалары талкууланып, сот актыларын жана башка мамлекеттик органдардын актыларын аткаруудагы көйгөйлүү маселелерге токтолуп, анын чечүү жолдору сунушталды.


Жыйындын жүрүшүндө, Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кубатбек Маликов сот аткаруучулардын ишинин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын жана резонанс жараткан аткаруу өндүрүштөрү өзүнүн көзөмөлүндө тургандыгын белгилеп өттү.


Жыргалбек Жамангулов сот тутумуна болгон ишенимдин өсүшү мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын реалдуу, толук жана өз убагында аткарылышынан көз каранды экенин белгиледи.


Катышуучулар мындай жолугушууларды өткөрүп турууну макулдашышты.