Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Алмазбек Апышев жыйналыш өткөрүп, анда облустук соттун судьяларын жана аппарат кызматкерлерин мамлекетибиздин Эгемендүүлүгүнүн 31-жылдык майрамы менен куттуктады.
Ошону менен бирге, сот тутумунда адилеттүүлүктү жүзөгө ашыруудагы кынтыксыз эмгектенгендиги үчүн, Баткен облустук сотунун судьянын жардамчылары: Кубатбек Мурзакозыев, Эсенали уулу Нурсултан жана Тынчтыкбек Абдыкадыров, адис Замира Султанмуратоваларга ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.