RU
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Подать обращение

Баткен облустук сотунун төрагасы Алмазбек Апышев Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнүнө арналган иш чарага катышты

09 ноября 2023









Бүгүн, 2023-жылдын 1-ноябрында, Баткен облустук сотунун төрагасы Алмазбек Апышев Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнүнө арналган иш чарага катышты.


Майрамдык иш чара Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Бороновдун төрагалыгы астында өттү.


Иш чаранын жүрүшүндө Баткен облустук сотунун төрагасы Алмазбек Апышев ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, өз сөзүндө милиция кызматкерлери кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана мамлекеттин коопсуздугун сактоодо эрдикти жана баатырдыкты көрсөтүп, өмүрлөрүн тобокелге салып, маанилүү кызматтык жана күжүрмөн тапшырмаларды аткарып жаткандыктарын баса белгилеп, кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк жана ак ниеттүүлүк менен өтөшкөндөрү үчүн ыраазычылык билдирди.


Ошону менен биргеликте облустук соттун атынан  Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.