KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунун төрагасы Жыргалбек Жамангулов бөлүм башчылар менен кеңешме өткөрдү

28 ноября 2022

Баткен облустук сотунда райондук жана шаардык сотторунун аппаратынын бөлүм башчылары менен сотто иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу боюнча кеңешме болуп өттү.


Жыйында райондук жана шаардык соттордо автоматташтырылган маалымат системасынын  (АМС) сот тутумунда иштерди каттоодо жана жөнөтүүдө, кат-кабарларды жана документтерди кабыл алууда пайда болгон бир катар маселелер каралды.


Облустук соттун төрагасы Жыргалбек Жамангулов соттук иштерди жана материалдарды толугу менен АМС сот тутумуна каттоого өзгөчө көңүл бурууга чакырды.


Ошондой эле соттордо эмгек тартибин жана иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин катуу сактоону жана иштерди өз убагында сапаттуу аткарууну тапшырды.


 


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов