KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунун төрагасы, Жыргалбек Жамангуловдун, 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата куттуктоо сөзү

01 июня 2023

Кымбаттуу балдар, урматтуу ата-энелер!

Баткен облустук сотунун атынан жана жеке өзүмдүн атыман Сиздерди бүгүнкү майрам “1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү” менен куттуктайм!


Балдар — биздин байлыгыбыз, ошондуктан биз, ата-энелер, уулу муун, ар бир баланын мээримди, боорукердикти сезип чоңоюшу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек.

Жаш муунга ар тараптуу кам көрүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өркүндөтүү бизден туруктуулукту, акылмандыкты, сезимталдуулукту жана чыдамкайлыкты талап кылат. Биз балдарды коргоо менен гана чектелбестен, алардын кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн, бардык шарттарды түзүшүбүз керек.


Кымбаттуу балдар!

1-июнь — көптөн күткөн жайкы эс алуунун башталышы. Сиздерге көңүлдүү эс алуу, жакшы таасирлерди, жаркын идеялардын ишке ашышын жана тилектериңердин орундалышын каалайм!

Ата-энелерге жана алардын балдарына чың ден соолук, бакты-таалай жана бакубат жашоо каалайм.


Баткен облустук сотунун төрагасы,


Жыргалбек Жамангулов