Баткен облусунун административдик сотунун судьялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту
Баткен облусунун административдик сотунун төрагасы Азамат Тилемишов жана судья Назгүл Атаканова прокуратура кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда шаардык мэриянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесине карата айрым мыйзамдардын колдонуусу боюнча жана ошол эле аталган мекемелер тарабынан сот өндүрүшүндөгү иштер боюнча укук-милдеттерин түшүндүрүү боюнча талкуу жүрдү.
Жолугушуунун соңунда административдик иштерге катышкан тараптар менен иштерди кароодогу айрым көйгөйлүү маселелер ортого салынып, бул боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар айтылды.