KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунда “Мамлекеттик кызматтын концепциясы жана коррупцияга каршы күрөш” деген темада жыйын өттү

12 декабря 2022

Иш-чарага райондук соттун төрагасы Марклен Нармырзаев, судьялар Данияр Асылбашев жана Зарина Абжалбек кызы, сот аппаратынын кызматкерлери, сот приставтары жана сот аткаруучулар катышты.


Жыйынды ачып жатып, Марклен Нармырзаев коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу өлкө жетекчилигинин жана өзгөчө бардык мамлекеттик кызматкерлердин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө сот кызматкерлерине мамлекеттик кызматтын түшүнүгү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикалык стандарттары, ошондой эле моралдык-этикалык сапаттарына карата негизги талаптар жана кызматтан тышкаркы убакта мамлекеттик кызматчылардын жүрүм-турум эрежелери белгиленди.


Жыйындын соңунда төрага катышуучулардын суроолоруна жооп берип, аларга жемиштүү иш каалады.