KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунун Сүлүктү шаардык соту укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

25 мая 2023

Баткен облусунун Сүлүктү шаардык соту укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү



Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунда Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы Урматбек Сыдыков, Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана шаардык прокуратурасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү.



Жолугушуунун жүрүшундө төрага Урматбек Сыдыков шаардык сот тарабынан каралып жаткан укук бузуулар жөнүндө иштердин жыйынтыгы боюнча маалыматтарга токтолуп, анда айрым учурларда мыйзамды туура эмес чечмелөө жана колдонуу укук бузуулар жөнүндөгү иштердин кайтарылышына алып келип жаткандыгын белгиледи.



Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө сотко чейинки тергөө органдары тарабынан кылмыш-жаза мыйзамдарын колдонуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.