KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Баткен шаарында Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата спорттук мелдештер өттү

29 июня 2021

Баткен облусунун сот органдарынын кызматкерлеринин арасынан түзүлгөн команда Баткен шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери арасында өткөн кичи футбол боюнча мелдеште жеңишке жетишти.


Белгилүү болгондой, мелдешке Баткен шаарында жайгашкан ар кандай мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрү болуп жалпысынан 18 команда катышты.


Турнирдин финалында «Облустук сот» командасы Баткен облустук стоматологиялык клиникасынын командасы менен беттешти. Турнирдин жеңүүчүсү «Облустук сот» командасы болду.


Баткен облустук сот корпусунун «Облустук сот» командасынын курамында Баткен облустук сотунун судьясы Таирбек Туленбаев, иш кагаздарын жүргүзүүчү Бакытбек Эшполотов, Баткен райондук сотунун бөлүм башчысы Талант Ураимов, судьянын жардамчысы Ильяс Урустамов, иш кагаздарын жүргүзүүчү Усөнбай Убайдуллаев, комендант Заирбек Мамытов, айдоочу Нурбек Джигиталиев, Баткен областынын административдик сотунун иш кагаздарын жүргүзүүчү Дастанбек Токтоназаров, курьер Равшанбек Абдирашит уулу, айдоочу Заирбек Зайналов ойношту.


Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тарабынан мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты чыңдоо, спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында уюштурулгандыгын белгилейбиз.


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы


                                                                                                                  Замирбек Ормонов