Эмне үчүн судьялар мантия кийишет
Сот мантиясы — сот бийлигинин символу, ал судьянын өзгөчө статусун жана процесстин башка катышуучуларынын жана ага катышкандардын алдында судьянын ыйгарым укуктарын эске салууга арналган.
Сот адилеттигин ишке ашыруу учурунда судья милдеттүү түрдө мантия кийүүсү Кыргыз Республикасынын судьялардын статусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган.
Мантиянын кара түстө болушу сот бийлигинин абройлуулугунун, сот калыстыгынын, эч кимге жан тартпай, адилеттүү чечим чыгарыла тургандыгынын белгиси болуп эсептелет.