KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Кадамжай райондук сотунун кызматкерлери балдарга майрамдык эртең мененки тамак уюштурушту

02 июня 2023



Достук жылмаюудан башталса, жай балдардын майрамынан башталат. Жыл сайын 1-июнда дүйнөнүн 30 дан ашуун өлкөсүндө Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленет. Бул майрамдык күнү Кадамжай райондук сотунун кызматкерлери тарабынан «Кут-Кадам» балдар үйүнүн тарбиялануучуларына майрамдык эртең мененки тамак уюштурулду.







Учурда “Кут-Кадам” балдар үйүндө 15 бала тарбияланууда. Балдар мындай майрамга абдан сүйүнүп, иш-чарадан кийин бардыгы жакшы таасирлерге ээ болушту.


Кадамжай райондук сотунун төрагасы Марклен Нармырзаев балдар үйүнүн кызматкерлерине балдарга аяр жана камкор мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, балдарга белектерди: канцелярдык жана спорттук  товарларды,  балдар тамак-аштарын жана таттууларды тапшырып, «Балдардын укуктарын коргоо — мамлекеттин эң маанилүү милдети, ошондуктан биз, чоңдор, балдар өздөрүн бактылуу сезиши үчүн бардык аракеттерибизди кылышыбыз керек» -деп белгиледи.


Жооп катары мекеменин өкүлдөрү Кадамжай райондук сотунун кызматкерлеринин балдарга көрсөткөн камкордугуна ыраазычылыктарын билдиришип, мындан аркы кызматташууга тилектештигин билдиришти.