Кадамжай райондук сотунда сот тутуму менен пробация органынын ишин жакшыртуу максатында Кадамжай райондук сотунун төрагасы Улан Ажиматов жетектеген судьялар жамааты Кадамжай району боюнча пробация органынын башкы адиси Хамдамали Полотов менен маалыматтык жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда судьялар жана пробация органынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» Мыйзамынын өзгөчөлүктөрүн, аны ишке ашыруу жана жаза түзөтүүлөрүн аткарууга жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндөгү маселелерди талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда Улан Ажиматов пробация институтунун маанилүүлүгүн белгилеп, судьялар тарабынан жаза чарасынын альтернативасы катары пробацияны колдонуу мыйзамдын жана учурдун талабы экендигине токтолду.