KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Кадамжай райондук сотунун төрагасы Марклен Нармырзаев аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмеге катышты

16 октября 2024




Баткен областынын Кадамжай районунун бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өткөрүлүп, анда аткезчиликтин алдын алууга багытталган иш аракеттердин аткарылуусу, көрүлгөн чаралардын натыйжасы талкууланып, бул багытта күрөштү күчөтүү зарылдыгы белгиленди.



Жыйынга катышкан Марклен Нармырзаев өз баянында Кадамжай райондук сотунда аткезчилик беренеси боюнча каралып жаткан кылмыш иштердин статистикалык маалыматына токтолуп, бажы контролунан тышкары өткөрүлгөн товарлар жана башка предметтер, ошондой эле аларды ташууга пайдаланылган транспорт каражаттары конфискацияланат -деп билдирди.



Координациялык кеңешменин жыйынтыгы менен чечимдер кабыл алынып, тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.