Карылар үйүнө жардам
Сүлүктү шаардык сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери ыйык Рамазан айынын урматына Сүлүктү шаарындагы жалпы типтеги улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемесинин жашоочуларынан кабар алышты.
Жолугушууда ардагерлердин жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын даректерине жылуу сөздөр айтылып, атайын белектер тапшырылды. Ошондой эле ардагерлер да иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыктарын билдиришти.