Кыргыз Республикасында сот адилеттиги сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте, Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин жүргүзүүгө катышууга укуктуу.
Сот адилеттигин жүзөгө ашырууну өзүнө алууга эч кандай башка органдардын жана адамдардын укугу жок.
Соттор сот адилеттигин конституциялык, жарандык, кылмыш-жаза, административдик жана мыйзамда каралган сот өндүрүштөрүнүн башка формалары аркылуу алардын компетенцияларына кирген талаш-тартыштарды чечүү жана иштерди кароо аркылуу жүзөгө ашырат.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы.