KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык Сотко кайрылууда төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын ставкалары

25 мая 2023

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык



Сотко кайрылууда төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын ставкалары



1. Сотко берилүүчү доо арыздарынан, анын ичинде келишимге чейинки талаштар боюнча арыздардан, өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча арыздардан (даттануулардан), апелляциялык жана кассациялык даттануулардан мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:

1) доонун төмөнкүдөй баадагы доо арыздарынан:

— 50000 (элүү миң) сомго чейин — доонун баасынан 5 пайыз, бирок бир эсептик көрсөткүчтөн (1 эсептик корсоткуч — 100) кем эмес;

— 50000 (элүү миң) сомдон 250000 (эки жүз элүү миң) сомго чейин — 2500 (эки миң беш жүз) сом жана 50000 (элүү миң) сомдон ашкан доонун суммасынан 4 пайыз;

— 250000 (эки жүз элүү миң) сомдон 500000 (беш жүз миң) сомго чейин — 10000 (он миң) сом жана 250000 (эки жүз элүү миң) сомдон ашкан доонун суммасынан 3 пайыз;

— 500000 (беш жүз миң) сомдон 2500000 (эки миллион беш жүз миң) сомго чейин — 20000 (жыйырма миң) сом жана 500000 (беш жүз миң) сомдон ашкан доонун суммасынан 2 пайыз;

— 2500000 (эки миллион беш жүз миң) сомдон 5000000 (беш миллион) сомго чейин — 60000 (алтымыш миң) сом жана 2500000 (эки миллион беш жүз миң) сомдон ашкан доонун суммасынан 1 пайыз;

— 5000000 (беш миллион) сомдон жогору — 80000 (сексен миң) сом жана 5000000 (беш миллион) сомдон ашкан суммадан 0,5 пайыз;

2) никени бузуу жөнүндө доо арыздарынан — эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү, никени бузууда мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө доо арыздарынан — доонун баасынан 1 пайыз;

3) белгиленген тартипте дайыны жок же жин оорусунан же кем акылдыктан улам аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдар, же үч жылдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар менен никени бузуу жөнүндө доо арыздарынан — эсептик көрсөткүчтүн 7 эселенген өлчөмү;

4) турак-жайларды жалдоо келишимин өзгөртүү же бузуу жөнүндө, мурасты кабыл алуунун мөөнөтүн узартуу, мүлктү камоодон бошотуу жана мүлктүк эмес мүнөздөгү (же баалоого тийиш эмес) башка доо арыздарынан — эсептик көрсөткүчтүн 7 эселенген өлчөмү;

5) өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча арыздардан (даттануулардан) — эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү;

6) келишимге чейинки талаштар боюнча доо арыздарынан — эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү;

7) эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, чет өлкөлүк соттордун чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыздардан — эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү;

8 ) мүлктүк талаштар боюнча соттук буйрукту берүү жөнүндө арыздардан — доо арызын берүүдө төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын 50 пайызы;

9) турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн жана электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө боюнча карызды өндүрүү жөнүндө соттук буйрукту берүү тууралуу арыздардан — эсептик көрсөткүчтүн 7 эселенген өлчөмү;

10) электр энергиясын, жылуулук энергиясын, ичүүчү сууну, жаратылыш газын пайдалангандыгы жана электр энергиясын берүү (ташуу) боюнча, саркынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн карыздарды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан — эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;

11) бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө талаштар боюнча доо арыздарынан алымдын өлчөмү ушул пункттун 1-пунктчасына ылайык бүтүмдүн предмети болуп эсептелген мүлктүн наркы менен аныкталуучу доонун баасы боюнча аныкталат;

12) өндүрүүнү күрөөгө коюлган мүлккө айландыруу жөнүндө доо арыздарынан — эсептик көрсөткүчтүн 7 эселенген өлчөмү;

13) апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымдын өлчөмү биринчи инстанциядагы сотто төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын түзөт;

14) мүлктүк жана мүлктүк эмес талаштар боюнча аз камсыз болгон же болбосо жарды үй-бүлөдөгү жарандардын доо жана башка арыздарынан — эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;

15) айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүдөн келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу үчүн жеке жана юридикалык жактардын доо арыздарынан — эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү.

2. Экономикалык жана административдик иштерди караган сотторго берилүүчү арыздардан мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:

1) мүлктүк мүнөздөгү доо арыздарынан алымдын өлчөмү 1-пункттун 1-пунктчасына ылайык доонун баасы боюнча аныкталат;

2) өндүрүүнү күрөөгө коюлган мүлккө айландыруу жөнүндө доо арыздарынан — эсептик көрсөткүчтүн 7 эселенген өлчөмү;

3) келишимдерди түзүүдө, өзгөртүүдө же бузууда пайда болгон талаштар боюнча доо арыздарынан — эсептик көрсөткүчтүн 20 эселенген өлчөмү;

4) бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө талаштар боюнча доо арыздарынан алымдын өлчөмү 1-пункттун 1-пунктчасына ылайык бүтүмдүн предмети болуп саналган мүлктүн наркы менен аныкталуучу доонун баасы боюнча аныкталат;

5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка органдардын ченемдик эмес актыларын жараксыз (толугу менен же жарым-жартылай) деп таануу жөнүндө доо арыздарынан, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине же аракетсиздигине даттануулардан — эсептик көрсөткүчтүн 7 эселенген өлчөмү;

6) мүлктүк эмес мүнөздөгү башка доо арыздарынан, анын ичинде натуралай түрдө милдетин аткарууга ыйгаруу укугун таануу жөнүндө арыздардан — эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү;

7) банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыздардан — эсептик көрсөткүчтүн 25 эселенген өлчөмү;

8 ) талаштын предметине өз алдынча талаптарын билдирген үчүнчү жактардын ишке киришүүсү жөнүндө арыздардан — мүлктүк эмес мүнөздөгү доо арызын берүүдө алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмү боюнча, ал эми мүлктүк мүнөздөгү талаштар боюнча үчүнчү жак менен талашка түшкөн суммага жараша эсептелген мамлекеттик алымдын өлчөмү боюнча;

9) бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун, (арбитраждын) чет өлкөлүк соттордун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздардан — эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген өлчөмү;

10) мүлктүк талаштар боюнча соттук буйрукту берүү жөнүндө арыздардан — доо арызын берүүдө төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын 50 пайызы;

11) жаратылыш газын керектегендиги жана ташыгандыгы үчүн карызды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан — эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;

12) электр энергиясын, жылуулук энергиясын, ичүүчү сууну, жаратылыш газын пайдалангандыгы жана электр энергиясын берүү (ташуу) боюнча, саркынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн карыздарды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан — эсептик көрсөткүчтүн 1 эселенген өлчөмү;

13) апелляциялык жана кассациялык даттанууларды берүүдө мамлекеттик алымдын өлчөмү биринчи инстанциядагы сотто төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын түзөт.

3. Бир эле убакта мүлктүк жана мүлктүк эмес мүнөздөгү талаптарды камтыган доо арыздары үчүн бир эле убакта мүлктүк мүнөздөгү доо арыздары жана мүлктүк эмес мүнөздөгү доо арыздары үчүн белгиленген мамлекеттик алым алынат.

3-1. Жарандык талаш-тартыштар боюнча сотко берилген доо арыздарынан алынуучу мамлекеттик алымдын чектүү өлчөмү эсептик көрсөткүчтүн 50000 эселенген өлчөмүнөн ашпайт.