KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдыгы белгиленди

23 сентября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 20-сентябрында, Т. Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда  Кыргыз Республикасынын  сот тутумунун 100 жылдыгы белгиленди.


Иш чарага  Кыргыз Республикасынын сот корпусу, сот тутумунун ардагерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.


Мындан тышкары,  Кытай, Түркия, Азербайжан, Молдова, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Армения өлкөлөрүнүн Жогорку сотторунун төрагалары жана орун басарлары, ошондой эле Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын, Евразия экономикалык биримдигинин сотунун жана  Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун төрагалары болушту.


Өз сөзүндө мамлекет башчысы Садыр Жапаров  быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө  туура 100 жылдын жүзү болгондугун,  ушул даңазалуу дата менен катар Кыргыз Республикасынын сот тутумунун басып өткөн бир кылымдык байсалдуу жолун салтанаттуу белгилеп олтурабыз деп белгиледи.


“Мамлекет менен тагдырлаш болгон сот тутуму өлкөнүн түптөлүшүнө, өнүгүшүнө,өзүнүн бараандуу салымын кошту десем жаңылышпайм.Анткени сот тутумунун өлкөдө адилеттүүлүк менен укук тартибин камсыз кылуудагы, укуктук мамлекетти өнүктүрүүдөгү ролу абдан жогору.


Сот тутумунун өкүлдөрүнүн адилеттүүлүк үчүн күн сайын күрөшүнүн, талыкпаган эмгегинин жана ошондой эле терең билим менен мол тажрыйбага тунган кесипкөйлүгүнүн аркасында  өлкөбүздө мыйзам үстөмдүгү өкүм сүрүүдө.


Мына ошондуктан жалпы сот тутумунун бардык өкүлдөрүнүн салымын терең урматтоо менен белгилейбиз.Сот тутумунун 100 жылдык мааракесин салтанаттуу белгилөө менен биз


өткөн тарыхтан сабак алып, келечекке жаңы максаттарды коюп, сот тутумубузду мындан ары да өркүндөтүүгө умтулабыз”, — деп билдирди мамлекет башчысы Садыр Жапаров.


Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун төрагасы  Замирбек Базарбеков бир кылым аралыгында сот тутуму көптөгөн сыноолорду жана өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүп, бирок өзүнүн принциптерине жана милдеттерине болгон берилгендигин жоготкон жок деп ишенимдүү айтты.


“Бүгүнкү күндө сот бийлиги — бул жөн гана сот адилеттигин ишке ашыруу функциясы эмес, ал ошондой эле коомчулуктун жогорку ишенимине ээ болгон акыркы инстанция десем болот. Бир кылымдын ичинде биздин судьялар жана укук коргоочулар өздөрүнүн үзүрлүү эмгектери менен адилеттикти камсыздап, мыйзамдын кепилдиктерин сакташты. Биз алардын аракеттерине жана төө көтөргүс эмгектерине терең ыраазычылык билдиребиз.


Биздин сот тутумубуздун пайдубалына коюлган адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук принциптери бүгүнкү күндө да актуалдуу жана зарыл десем болот. Биз ушул принциптердин негизинде иш алып барып, системанын ачык, көз карандысыз жана натыйжалуу болуусун камсыз кылуу үчүн аракеттерди кыла бермекчибиз”,- деп белгиледи Замирбек Базарбеков.