Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдыгына карата, ошондой эле спортту өнүктүрүү жана жайылтуу максатында Баткен областынын Лейлек районунда Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларынын, аппарат кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын сот аткаруучулар менен приставдар кызмат бөлүмдөрүнүн ортосунда кичи-футбол боюнча мелдеш болуп өттү.
Оюн талаасына жалпысынан сегиз команда чыгып, алар тайпалык баскычта үчтөн мелдеш өткөрүшүп, андан соң үчүнчү орун үчүн беттешүү жана финалдык оюн өттү.
Турнирдин жыйынтыгы менен биринчи орунду Баткен облусунун Административдик сотунун командасы ээлеп, Баткен облустук сотунун Төрагасынын Кубогу менен сыйланды. Ал эми экинчи орунга Баткен райондук сотунун командасы ээ болсо, үчүнчү орунга Кадамжай райондук сотунун командасы ээ болду.
Ошону менен бирге байгелүү орундарды ээлеген командалар медалдар менен сыйланышып, турнирдин мыкты оюнчуларына жеке байгелер тапшырылды.