KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

06 марта 2024


Бүгүн, 2024-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Замирбек Базарбековдун төрагалыгы алдында Кыргызстандын сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык жыйынга Жогорку соттун судьялары жана кызматкерлери катышты.





Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунун текстин сунуштайбыз.


 


Урматтуу кесиптештер!


Аппарат кызматкерлери!


 


Сиздерди Кыргыз Республикасынын Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!


Бул күн сот акыйкаттыгын туу тутууга  жан үрөгөн эмгеги менен улуттук сот өндүрүшүнүн мыкты салттарын сактагандардын башын бириктирет.


Бүгүнкү күндө, сот реформасынын алкагында: сот тутумунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу, көз карандысыздыгын бекемдөө, ачык-айкындуулугун камсыздоо максаты менен жаңы мыйзамдар кабыл алынып, иштин сапатына өтүүгө болгон аракеттер  кызуу жүрүүдө.


Сот системасын каржылоо жылдан жылга көбөйүп, материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багытталган иш-чаралар күчөтүлдү.


Мамлекет жеткиликтүү жана ачык сот тартибин бекемдөө багытына ар тараптан колдоо көрсөтүп, соттордун натыйжалуу иштешине ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.


Жасалып жаткан аракеттердин баары өлкөбүздө адилеттүү сот тутумун калыптоо максатына арналган.


Ал эми адилеттүү сот түзүмү өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизип, тең укуктуулугун ырастайт. Мыйзамдын негизинде кабыл алынган чечимдер жарандарыбыздын акыйкаттыкка болгон ишенимин бекемдейт.


Укуктук мамлекетти түзүүдө ар бирибиздин ээлеген ордубуз бар, күчтүү сот тутумун куруу иши — баарыбыздын ар-намыс, абийирибизде, ал эми элибиздин сотторго болгон ишенимин актоо — атуулдук жоопкерчилигибизде!


Андыктан, сот тармагынын келечеги, кадыр-баркы, аны менен бирге  — өлкөбүздүн дүйнөлүк коомчулуктагы аброю да сот кызматкерлеринин ишине түз байланыштуу.


Эгемендүү өлкөбүздүн бардык сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен дагы бир жолу  куттуктайм!


Ушул жылы  Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдыгы белгиленгени турат.


Бул дата сот тутуму үчүн маанилүү. Анткени, эгемендүү Кыргыз мамлекетин куруу оңой болгон жок, бул татаал жана арбын сыноолуу жолдо Кыргыз сот тутумунун татыктуу орду бар.


Улуу тарых чыныгы ак ниет, эмгекчил жана ар-намыстуу адамдарсыз жаралбайт. Кыргыз сотунун тарыхын жазууда зор салымын кошкон өрнөктүү инсандардын катарын толуктаңыздар! Ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү кесибиңиздердин үзүрүн көрүңүздөр!


 


Урматтуу  кесиптештер!


 


Сотторду негиздүү дагы, негизсиз дагы сындап келишет. Бирок, биз сындарга сынып калган жокпуз, тескерисинче, ошол сындарды туура кабыл алып, кемчиликтердин жоюунун үстүндө иштеп жатабыз.


Элдин алкоосуна арзып, акыйкат иш алып барууга дагы бир жолу чакырып кетем. Адилеттүүлүк менен мыйзамдуулук — бул кылдаттыкты талап кылган эриш-аркак жүрүүчү өтө татаал иш. Мыйзамдуулукка оодарып салып, адилеттүүлүктү четке кагып коюу туура болбос. Соттошкон адам үчүн  процесстин түшүнүктүүлүгү, чечимдин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу маанилүү.


Андыктан, кара кылды как жарган калыстыктан, ыймандуу болуудан тайбаңыздар. Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик жана бакубатчылык каалайм!