KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу:

04 сентября 2024

Урматтуу мекендештер!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!


31-август – бул күн ар бирибиз үчүн өзгөчө маанилүү. Бул күндө элибиздин көзкарандысыздыкка болгон умтулуусу ишке ашып, Кыргызстан өз алдынча, эркин мамлекет катары дүйнө жүзүнө таанылды. Эгемендүүлүк – бул биздин жалпы байлыгыбыз, ата-бабаларыбыздын мурасы, жана келечек муундар үчүн аманат.


Быйыл биз Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилегени турабыз. Аны менен катар Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдыгы белгиленет. Тагыраак айтканда, өлкөбүздүн сот тутумунун тарыхы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы менен тагдырлаш болуп, дээрлик бир кылымдан турган ары катаал, ары сыймыктуу жолду басып өттү.


Биздин мамлекетибиздин укуктук негиздерин чыңдоо, адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу – ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Сот тутуму  элибиздин укугун жана эркиндигин коргоодо, коомдо адилеттүүлүктү орнотууда өзүнүн жогорку жоопкерчилигин ар дайым сезет.


Андыктан, сот тутумунун  ар бир кызматкери өзүнүн мээнети, билими жана жөндөмү менен мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошууда.


Бүгүнкү күнү биз эгемендүүлүгүбүздү баалап, аны түбөлүккө сактоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз. Бул – биз үчүн жогорку жоопкерчилик, чындыгында, бул биздин жалпы коомчулук жана келечек муундар үчүн маанилүү.


Эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болсун! Кыргызстаныбызда дайыма тынчтык өкүм сүрүп, элибизде ынтымак жана биримдик орносун!


Мекенибиз куттуу, ак тилеги жуптуу, түндүгүбүз бийик, түшкөн нурубуз ыйык болсун!


Тарыхы бай, эне тили көркөм, деми күчтүү, нарк билги, эркиндикти туу туткан эгемендүү өлкөбүз өнүгө берсин!


Дагы бир жолу эгемен элди майрамы менен куттуктайм!


Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат.