KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жамааты Замирбек Базарбековду салтанаттуу түрдө узатышты

16 октября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 10-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленум залында жогорку сот органынын судьялары жана Аппарат кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи Замирбек Базарбековду салтанаттуу түрдө узатышып, ыраазычылыктарын билдиришти.



Судьялар белгилегендей, Замирбек Базарбековдун төрагалык кылуусу сот системасынын тарыхына өзгөрүүлөрдүн жана сапаттуу өзгөрүүлөрдүн доору катары кирет.



Материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө жаатындагы жетишкендиктерин айтышты. Мындан тышкары, анын эл аралык аренада Кыргызстандын сот тутумунун кадыр-баркын калыптандырууга кошкон салымы, ошондой эле сот органдарынын ачыктыгын жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуудагы ийгиликтери өзгөчө баса белгиленди.



Замирбек Базарбеков өз кезегинде жамаатты сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга бардык күч-аракетин жумшоо менен республиканын жана сот системасынын ийгилиги үчүн абийирдүү иштөөгө чакырды. Ал сөзүнүн жыйынтыгында биримдикте иш алып барууну, башталган реформаларды, анын ичинде санариптештирүү процесстерин улантууну жана жаңы дайындала турган төрагага колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.