KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Лейлек райондук сотунда маалыматтык жолугушуу болуп өттү.

29 сентября 2021

Баткен областынын Лейлек райондук сотунда,Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүлөрү жана Лейлек райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүнүн сот аткаруучулары менен алимент өндүрүү жана анын тегерегинде пайда болгон маселелердианыктоо, аларды жоюуу үчүн сунуштарды берүү жана аталган органдар ортосунда өз ара байланышты бекемдөө максатында жолугушуу өткөрүлдү.


ЖолугушуудаЛейлек району боюнча алименттик өндүрүү боюнча аткаруу барактарынын аткарылышы жана аткарылбай келе жаткандыгынын себептери изилденип, катышуучулар учурдагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты.


Соттун төрагасы ЭльярбекАбдимиталипов,ар бир өндүрүп алуучуларга алиментти өз убагында, кечиктирбестен өндүрүүнү, эгерде алиментти өндүрүүдө тоскоолдуктар жаралса, биринчи карызкор менен ар тараптуу түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүнү жана натыйжа болбогон учурларда гана тергөө кызматына жөнөтүү зарылдыгын белгиледи.


Жолугушуунун соӊунда катышуучулар мындай иш чараларды жылына бир жолу өткөрүп турууну, берилген сунуштарды ишке киргизип, алименттерди өндүрүү ишин жакшыртуу боюнча макулдашышты.