KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Сүлүктү шаардык сотунда аксакалдар соттору менен жолугушуу уюштурулду

14 декабря 2021

Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы Гүлзат Эрматова жана судьясы Бакытбек Жаназаков Сүлүктү шаарынын аксакалдар соттунун төрагасы Бакыт Төрөкулов жана жооптуу катчысы Наталья Бикулова менен жолугушту.


Иш чаранын жүрүшүндө, аксакалдар соттору тарабынан кабыл алынган  чечимдердин  мыйзамдуулугунун жана 2021-жылдын 28-октябрынан колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин колдонуу практикасын тегерегиндеги маселелер ортого салынды.


Мындан тышкары, судьялар тарабынан  аксакалдар сотторунун ишти алып баруудагы  жол-жобосу тууралуу кеңири маалыматтар берилип,  келип чыккан суроолорго жооп беришти.


Жыйындын соңунда судьялар катышуучуларга жолугушууга келгендиги үчүн  ыраазычылык билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.