Баткен облустук сотунун судьялары жана Аппарат кызматкерлери Сүлүктү шаардык сотунун кызматкери Абдураим Кабылов 63 жашында дүйнө салгандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Абдураим Кабылов 1959-жылдын 15-декабрында Ош облусуна караштуу Лейлек районунун Искра айылында жарык дүйнөгө келген.
1983-жылы Ташкент шаарындагы юридикалык техникумун аяктаган. 1983-жылдан баштап 1985-жылга чейин Лейлек райондук сотунун канцелериясында эмгектенип, андан кийин эмгек жолун Лейлек райондук Айыл-чарба башкармалыгында консультант кызматында уланткан. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин, 20 жылдан ашык өмүрүн сот системасында сот отурумунун катчысы кызматынан, бөлүм башчы кызматына чейинки жумуштарга арнап келди.
Сот тутуму жакындары жана туугандарынын орду толгус оор жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөт.