KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Сот тутуму кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга бир күндүк эмгек акысын которуп берди

28 сентября 2022

Сот тутуму кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон каргашалуу окуяда жабыркагандарга 3 миллион 917 миң 931 сом өлчөмүндө бир күндүк эмгек акы которду.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун демилгесин судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери толугу менен колдоп, Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышууларда үй-жайынан жана мүлкүнөн ажыраган мекендештерге жардам көрсөтүштү.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эсебине төрт миллион сомго жакын акча которулду.


Белгилей кетүүчү жагдай, бир күндүк эмгек акыларын  Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары жана кызматкерлери, Сот департаменти, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемеси, Сот адилеттигинин Жогорку мектеби, Сот приставдары жана сот аткаруучулар кызматы которушту.