Баткен облусунун административдик сотунун төрагасы Мелис Жаманкулов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев менен жолугушту.
Жолугушууда, КРПМБА менен Баткен областынын административдик соту биргеликте иш-чараларды өткөрүү боюнча маселелер талкууланды.
Мелис Жаманкулов жолугушуунун сонунда Сот системасы тарабынан, жогорку окуу жайлары менен кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө зор маани берилерин белгилеп өттү.