KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын ведомстволук сыйлыктары тапшырылды

25 сентября 2024

Сот тутумунун 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын ведомстволук сыйлыктары тапшырылды



Бүгүн, 2024-жылдын 24-сентябрында Баткен облустук сотунда сот тутумунун 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын ведомстволук сыйлыктарын тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.



Иш чараны облустук соттун төрагасы Алмазбек Апышев ачып, кесиптештерин сот тутумунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, жооптуу кызматтарында ийгиликтерди каалап, сот тутумунда жигердүү эмгектенген, кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Баткен облустук сотунун ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.