KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Сот жыйналышынын катчысы ким жана эмне иш аткарат.

23 октября 2023
Сот отурумунун катчысынын күнүмдүк жана түйшүктүү ишинин мааниси коомчулукка өзгөчө белгилүү эмес. Жөнөкөй жарандарга сот отурумунун катчысы негизинен протокол жазып, сотко чакыруу кагаздарын чыгарган кызматкер катары таанылышы мүмкүн.

Бирок, жакшылап көңүл бурсаңыз, сот отурумунун катчысы судья менен биргеликте иш алып барууда жана сот өндүрүшүн уюштурууда маанилүү орунду ээлейт. Сот жыйналышынын катчысы судьянын ишинин натыйжалуулугуна түздөн-түз таасир этүүчү судьянын негизги жардамчысы болуп саналат.

Анын негизги функционалдык милдеттери болуп соттун өндүрүшүнө түшкөн иштерди соттун автоматташтырылган маалыматтык системасында (АМС) электрондук каттоону жүргүзүп, жыйналышка чакырылган жана кабарланган адамдардын кимиси келгенин, келбегендерге чакыруу кагаздарынын жеткиликүүлүгүн билдирет жана эгерде белгилүү болсо, алардын келбегендигинин себептерин көрсөтөт.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүн мыйзамдар менен белгиленген тартипте сот отурумунун залдарында орнотулган «Аудио-видео жаздыруу» аппараттык-программалык комплексине (АВФ) жаздырып, сот ишинин материалдарын өз убагында жана сапаттуу даярдоо, протоколдо соттун аракеттерин жана чечимдерин, ошондой эле ишке катышкан башка жактардын соттук отурумдун жүрүшүндөгү аракеттерин толук жана туура көрсөтүп, иште төрагалык кылуучу менен бирге протоколго кол коет. Мындан тышкары, катчы ишти кароодо төрагалык кылуучунун башка көрсөтмөлөрүн да милдеттүү түрдө аткарат.

Сот жыйналышынын катчысы соттун курамына кирген өз алдынча процесстик бөлүм (фигура) болуп саналат жана мыйзамда каралган негиздер боюнча соттук кароодон четтетүү жөнүндө талаптар да колдонулушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппаратындагы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын топторуна белгиленген квалификациялык талаптары боюнча, сот отурумунун катчысы (кенже кызмат орду; М-Б) кызматына жумушка кирүү үчүн, жогорку юридикалык билим талап кылынат, ал эми иш стажы боюнча талап коюлбайт. Андан сырткары бардык административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө милдеттүү талаптар белгиленет.