KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Алай райондук сотунун ачылыш аземине катышты

31 мая 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 27-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков  Ош облусунун Алай райондук сотунун жаңы имаратка көчүп киришине байланыштуу ачылыш аземине  катышты.


Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев,  Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Ош облустук сотунун жана райондук соттордун судьялары, Ош облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жана Алай районундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болушту.


Өз сөзүндө Замирбек Базарбеков Кыргызстан укуктук мамлекет катары өнүккөн сайын сот бийлигинин ролу жана мааниси да ошончолук өсүп жаткандыгын айтты.


Биздин максат – адилет, ачык, калыс, көз карандысыз, жоопкерчиликтүү сот бийлигин түзүү жана бул үчүн биз бардык аракеттерди көрүшүбүз керек.


Адилеттүүлүк менен мыйзамдуулук — бул кылдаттыкты талап кылган эриш-аркак жүрүүчү өтө татаал иш. Мыйзамдуулукка оодарып салып, адилеттүүлүктү четке кагып коюу туура болбос. Соттошкон адам үчүн ар кандай процесстик амалдардын болушу маанилүү эмес, ага процесстин түшүнүктүүлүгү, чечимдин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу маанилүү. Андыктан кээ бир тараптардын ар кандай амалдарына азгырылып сот иштерин кароону создуктурууну, ар кандай кызыкчылыктардын аркасынан адилетсиз сот ишин жүргүзүүнү болтурбаңыздар.


Бүгүн Алай райондук соту аянты кенен, жайгашкан жери дагы ыңгайлуу имаратка ээ болуп отурат. Бул адилет үйүндө мыйзамдуу, адилеттүү, негиздүү чечимдер кабыл алынып, элдин сотко болгон ишенимин арттырууга бардык аракеттерди көрөсүңөр деп ишенем.


Бул бир гана Гүлчө айылы эмес, бүтүндөй сот  тутуму үчүн дагы чоң жетишкендик деп ойлойм.


Канча жылдардан бери аталган соттун кызматкерлери эскилиги жеткен, шарты жок,  тар имаратта иштеп келишти.


Сот залдарынын жетишсиздиги, архив көйгөйү дагы орун алып келген.


Эми сот кызматкерлери үчүн иштөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Жаңы имаратта үч сот залы, архив, балдар үчүн атайын бөлмө, камакка алынгандар үчүн өзүнчө бөлмө дагы каралган.


Мындан тышкары сот  аткаруучулар менен сот приставдарына дагы бөлмө берилди.


Биз бул багыттагы иштерди мындан ары  дагы улантабыз”, — деди Замирбек Базарбеков.


Төрага ошондой эле судьялар жана сот кызматкерлери үчүн заманбап талаптарга ылайык шарттарды түзүү максатында сотторго имарат салып же алып берүү багытында иштер жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.


Мисалы, Кара-Суу райондук соту, Таш-Көмүр шаардык соту үчүн имараттардын курулушу башталып, Ысык-Көл, Кара-Көл  жана Кочкор райондук сотторуна аянты кенен, ыңгайлуу жерде жайгашкан имараттар берилди. Ал эми  Ош шаарында Сот адилеттик үйүн ачуу үчүн атайын аянты чоң имарат бөлүнгөн. Ош шаарында дагы Каракол менен Жалал-Абад шаарындагыдай Сот адилеттик үйүн ачуу пландаштырылууда.


Кошумчалай кетсек,  Алай райондук соту көчүп кирген имарат 1982-1983-жылдары Жол эксплуатациялык башкармалыгы менен Курулуш башкармалыгынын  мекеме-ишканалары үчүн кеңсе катары курулган.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын балансына 2019-жылы мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик  актынын негизинде өткөрүлүп берилген.


Аталган имараттын капиталдык оңдоо иштерине жалпысынан 28 млн сомдон ашык каражат жумшалган.


Бүгүнкү күндө административдик имаратта 25 кызматкер эмгектенишет. Алардын ичинде  эки судья, жети аппарат жана сегиз техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлери, ошондой эле 3 сот аткаруучу жана 4 сот приставы бар.