KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03622 (50188) г. Баткен, улица Садыкова, 54 г
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Баткен облусундагы соттордун коопсуздугу менен таанышты

12 октября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 11-октябрында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Баткен облусуна иш сапары менен барды.


Төрага Баткен облусундагы Тажикстан Республикасы менен чектеш аймактарда 2022- жылдын 14-16- сентябрларында болгон окуялардын натыйжасында, Баткен менен Лейлек райондук соттордун судьяларынын жана эмгек жамаатынын абалдары, алардын жумуш учурундагы коопсуздугу менен жеринен таанышып, Баткен облустук соту, Баткен райондук жана Лейлек райондук сотторунун муктаждыктары үчүн  акча каражатын берди.


Баткен жана Лейлек райондук сотторунун төрагаларынын маалыматтарына караганда, сот кызматкерлеринен эч ким жабыр тарткан эмес. Райондук соттордун имараттары да жабыркаган жок.


Бирок, буга карабастан, биздин чек арага жакын жайгашкан райондук соттордо иштеген судьялардын, кызматчылардын коопсуздугун камсыз кылышыбыз зарыл деп белгиледи.


Айтылган окуяларда жарандык жана аскердик объекттерге, мекендештерибиз жашаган үйлөргө, мектептерге чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилди. Өз өмүрүн Мекен үчүн аябастан согушуп курман болгон биздин эр жүрөк жоокерлерибизди, күтүүсүздөн аткылоого кабылган жарандарыбызды тилекке каршы кайра артка кайрый албайбыз. Андыктан биз бул окуядан чоң сабак алууга тийишпиз.


Ошондуктан райондук соттордун төрагаларына кечиктирбестен кооптуу кырдаал жаралганда ыкчам билдирүү, кыймыл аракеттерди координациялоо жана эвакуация пландарын иштеп чыгууну тапшырам. Ошол иштеп чыккан пландарга ылайык машыгууларды өткөрүүнү талап кылам. “Жаман айтпай, жакшы жок”- деп элибизде айтылгандай, жаракат алгандарга ыкчам биринчи жардам көрсөткөндү үйрөтүшүбүз зарыл.  Бул айтылгандардын баары Жарандык коргонуу алкагында сиздерге маалым болушу керек эле, тилекке каршы биз андай нерселерге маани бербей келебиз”, — деп белгиледи Замирбек Базарбеков.


Бүгүнкү күндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан чек арага жакын жайгашкан райондордо коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чаралар көрүлүүдө. Жабыркаган имараттарды калыбына келтирүү жана жаңы үйлөрдү куруу иштери кызуу жүргүзүлүүдө.


Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын сот системасында иштегендер дагы четте калбай, биринчилерден болуп бир күндүк айлык маяналарын которуп, жалпы суммасы 3 млн. 918 миң сомду түзгөн.