Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Баткен облусуна болгон бир күндүк иш сапардын алкагында облустун баардык район, шаардык жана облустук соттун ишмердүүлүгү менен жайынан таанышып чыкты. Иш сапарын аяктап, Баткен облусунда түнөгөн жок жана судьялар тарабынан эч кандай акча чогултуулар болгон эмес.