Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү эл тарабынан аймактагы бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү. Айрыкча сугат жерлердин ижара акысы, идеологиялык багыттагы иштерди күчөтүү, жерлерди трансформациялоо, сел тосмолорун куруу, таза суу маселеси, электр энергиясы жана жер маселелери боюнча суроолор айтылды. Тургундар өздөрүн түйшөлткөн маселелерди түздөн-түз жетекчилерге жеткирип, аларды чечип берүү өтүнүчтөрүн билдиришти.
Өз кезегинде облус башчы Мамыржан Рахимов жарандар тарабынан көтөрүлгөн ар бир маселе көңүл сыртында калбай турганын белгиледи. Ал тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө конкреттүү тапшырмаларды берип, маселелер мыйзамдын алкагында этап-этабы менен чечилерин айтты.
Мындан тышкары, жолугушууда эл менен бийликтин ортосундагы байланышты күчөтүү, жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угуп чечүү маанилүү экени белгиленип, мындай жолугушуулар мындан ары да уланары айтылды.




