Лейлек райондук сотунун төрагасы Нурмухамбет Кермалиев жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн кабыл алып, жыйын өткөрдү.
Жыйынга судья Аскат Советбек уулу, Лейлек районунун прокурору Кубанычбек Алимов, Лейлек РИИБдин башчысынын орун басары Алдаяр Имамназар уулу, Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Момунов, “Кыргыз почтасы” ААКнун Лейлек райондук филиалынын башчысы Бакытбек Пирматов жана Лейлек району боюнча аймактык почта бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө, сот тутуму менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тыгыз кызматташтыкта иш алып баруулары жөнүндө кеңири сөз болду.
Андан сырткары, соттук иштер боюнча тараптардын сот отурумуна келүүсүн үзгүлтүккө учуратпоо жана алдын алуу максатында, почта түйүнү аркылуу чыгыш документтерин жөнөтүүдөгү почта корреспонденцияларын жана тапшырык каттарын (уведомление) өз убагында даректерине жеткирүүдөгү көйгөйлөр ортого салынып, аларды чечүү жолдору талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Лейлек райондук сотунун төрагасы Нурмухамбет Кермалиев мындан кийин дагы жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып баруу максатында жолугушууларды уюштуруп турушаарын билдирди.