1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Наргиза Кувандыкова, Баткен райондук сотунун төрагасы Дуйшенкул Шатманов жана Кадамжай райондук сотунун төрагасы Автандил Матказиев майрамдык иш-чараларга катышып, балдарды майрамы менен куттуктап, алардын кубанычына ортоктош болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн ар кандай маданий-көңүл ачуучу программалар уюштурулуп, чыгармачылык өнөрлөр көрсөтүлдү. Майрамдык иш-чараларга катышкан балдарга белектер тапшырылып, аларга жагымдуу маанай тартууланды.
Сот төрагалары өз сөздөрүндө балдардын укуктарын коргоо, аларга татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү коомдун маанилүү милдеттеринин бири экендигин белгилешти. Ошондой эле өсүп келе жаткан муундун ар тараптуу өнүгүүсү үчүн кам көрүү ар бирибиздин жоопкерчилигибиз экенин айтышты.
Майрамдык иш-чара жылуу маанайда өтүп, балдардын кубанычына бөлөнгөн өзгөчө күндөрдүн бири болду




